МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Бүгүн Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарынын үч айылдык округунда айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өтөт.

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айыл өкмөтүнүн, Чүй облусунун Сокулук районундагы Камышановка айыл өкмөтүнүн жана Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчылары шайлоо өтөт.

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Т.К.Байтемиров, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районундагы Камышановка айыл өкмөтүнүн башчысы М.С.Кубатов өздөрү берген арыздын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Соорбеков Таалай Нышанович айылдык кеңештин депутаттарынын 9-сессиясында 2013-жылдын 28-июнунда кабыл алынган айылдык кеңештин №1 токтомунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган, ал жерде депутаттар Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына ишеним көрсөткөн эмес.

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык шайлоону уюштуруу жана өткөрүү милдети тапшырылган.

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

 

Карап чыгуулар: (1220). 24 Сентября 2013 г.