МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Бүгүн КР БШКнын Төрагасы Т.Абдраимовдун Корея Республикасынын Элчиси Ким Чанг Гю менен расмий жолугушуусу болду

Бүгүн, 20-августта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ким Чанг Гю менен расмий жолугушуусу болду.

Жолугушууда Корея Республикасынын элчиси Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасына Шайлоо маселелери боюнча дүйнөлүк уюмдун (ШМДУ) Алтынчы Глобалдык конференциясына расмий чакырууну тапшырды, конференция 2013-жылдын 15-17-октябрында Корея Республикасынын (Түштүк Корея) Сеул шаарында өтөт. Конференциянын темасы: «Туруктуу шайлоо процесстери – алда канча бекем демократия».

ШМДУнун конференциясы шайлоо маселелери боюнча адистер үчүн алдыңкы эл аралык форум болуп саналат жана байланыштарды түзүүгө жана маалыматтарды алмашууга көмөктөшүү максатын көздөйт.

Ошондой эле Корея Республикасынын Элчиси Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасына 2013-жылдын 14-октябрында боло турган Шайлоо комиссияларынын Дүйнөлүк Ассоциациясынын (ШКДА) салтанаттуу Ассамблеясына катышууга Корея Республикасынын Улуттук шайлоо комиссиясынын чакыруусун тапшырды.

ШКДА билим берүү жана кесиптик даярдоо аркылуу шайлоону өткөрүү жана шайлоо процессине катышкан адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жагынан билим, маалымат жана тажрыйба алмашуу максатында бүткүл дүйнөнүн шайлоо органдары менен байланышуу тармактарын түзүү жагынан иш жүргүзөт.

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

 

 

Карап чыгуулар: (1902). 20 Августа 2013 г.