МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Бүгүн республиканын Полтавка, Жаңы-Пахта жана Кара-Ой айылдык аймактарында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт

Бүгүн 18-июлда  Жайыл районундагы Полтавка, Сокулук районундагы Жаңы-Пахта жана Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдарында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт.  Шайлоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана  референдум өткөрүү боюнча борбордук  комиссиясынын  2013-жылдын 28-июнундагы токтому менен бекитилген.

Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары жана райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен, жашыруун добуш берүү жолу менен шайланат. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы 

Карап чыгуулар: (1052). 18 Июля 2013 г.