МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Бүгүн Чүй областынын Сокулук районундагы Фрунзе, Панфилов районундагы Орто айыл аймагында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт

Бүгүн Чүй областынын Сокулук районундагы Фрунзе, Панфилов районундагы Орто айыл аймактарында  өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт.

Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчыcы П.Рахимов өзүнүн берген арыздарынын негизинде кызматынан бошотулган. Ал эми Панфилов районундагы Орто айыл өкмөтүнүн башчыcы Т. Молдокулов Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин  буйругу менен Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими болуп дайындалган.

Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчыcы кызматына жергиликтүү кеңештин депутатттары тарабынан­­­­­­­­ Арфел  Кушчубаевдин  талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Панфилов районундагы Орто айыл өкмөтүнүн башчыcы кызматына жергиликтүү кеңештин депутатттары тарабынан­­­­­­­­  Алтынай Абдыраеванын, Эркин Арыковдун, жана Максат Оторбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Сокулук, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.

 

             Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  

Карап чыгуулар: (1962). 23 Августа 2013 г.