Бүгүн айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктайт |
Бүгүн, 2012-жылдын 4-ноябрында, айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктайт. 2012-жылдын 25-октябрынан тартып аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлерди көрсөтүү тартиби «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келиши жагынан документтерди текшерет. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө чейин 20 календарлык күн калганда аяктайт. Эске сала кетсек, 2012-жылдын 25-ноябрында 25 шаардык жана 416 айылдык кеңеште жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2255). 4 Ноября 2012 г. |