МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Аймактык шайлоо комиссиялардын курамдары жана резервдери түзүлдү

Бүгүн, 2016-жылдын 2-февралындагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссиялардын курамдары жана резервдери түзүлдү.

Борбордук шайлоо комиссиясы  2016-жылдын 27-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад, Нарын, Чүй, Ысык-Көл, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитти.

БШКнын токтому менен 2016-жылдын 29-январында өткөрүлгөн айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитилди.

Ошондой эле, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын максаттуу чыгымдалышын контролдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көзөмөлдөө-текшерүү тобу тууралуу маселе каралып, анын жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.М. Баатырова дайындалды.  

Карап чыгуулар: (525). 2 Февраля 2016 г.