Борбордук шайлоо комиссиясынын штаттык жүгүртмөсүнө системалык администраторлордун штаттык бирдиги 2001-жылдын 1-сентябрынан тартып киргизилет |
Жалпыга маалымдоо каражаттарында Борбордук шайлоо комиссиясынын системалык администраторлордун кайрылууларына байланыштуу маалыматтар жарыяланып жаткандыгына байланыштуу төмөнкүлөрдү билдиребиз. 2011 жылдын 30 июнундагы “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын ар бир аймактык шайлоо комиссиясында туруктуу системалык администратору болот. Алар шайлоочулардын тизмесин, референдумдун катышуучуларынын тизмеси боюнча иш алып барышат, жаңыртышат жана такташат. Мурда системалык администраторлор областтардын, райондордун мамлекеттик администрацияларынын, республикалык жана облусттук маанидеги шаарлардын мэрияларын, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын штаттык жүгүртмөлөрүндө турушкан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2011-жылдын 12-июлундагы №83 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун чаралары тууралуу” Токтомуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн штаттык жүгүртмөсүнө системалык администраторлордун штаттык бирдигин киргизет. “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген учурдан тартып облусттардын, райондордун, мамлекеттик администрациялары, республикалык жана облусттук маанидеги шаарлардын мэриялары, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары өздөрүнүн штаттык жүгүртмөсүнөн системалык администраторлордун штаттык бирдигин чыгарып салышкан. Ушул учурдан тартып Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын штаттык жүгүртмөсү бекитилгенге чейин системалык администраторлор менен Борбордук шайлоо комиссиясы эмгектик келишим түзгөн, анын негизинде системалык администраторлордун укугу жана милдеттери сакталган. Бүгүнкү күнгө жаңы шайлоо мыйзамга ылайык иштелип чыккан Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын штаттык жүгүртмөсүн бекитүү маселеси чечилген. 2011-жылдын 1-сентябрынан тартып бардык системалык администраторлор Борбордук шайлоо комиссиясынын штаттык жүгүртмөсүнө киргизилет. Дагы бир жолу белгилей кетебиз: “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, системалык администраторлор Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери болуп эсептелинет. Аларды Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын курамына киргизүү Борбордук шайлоо комиссиясынын ички жоболорун шайлоо мыйзамдары менен шайкештикке келтирүүнү талап кылгандыктан убакыттын гана маселеси болгон.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (1829). 25 Августа 2011 г. |