Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасын иштеп чыгуу боюнча техникалык тапшырманын презентациясы болуп өттү |
2011 –жылдын 19-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, БШКнын аппаратынын, КР Президентинин, КР Өкмөтүнүн, Мамкаттоо кызматынын, Социалдык Фонддун, ИИМдин, IT Улуттук Борборунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасын иштеп чыгуу боюнча техникалык тапшырманын презентациясы болуп өттү. Аталган техникалык тапшырма ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы шайлоолорду колдоо боюнча “Демократиялык башкаруу”долбоорунун алкагында аткарылган. КР Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Сабырбек Байназаров белгилегендей, аталган иш КР Президенти РОза Отунбаеванын тапшыруусу боюнча2011-жылдын апрелинен тарта башталган. Презентациянын катышуучуларына кайрылган КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов өз сөзүндө жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, “шайлоо дареги” (шайлоочунун туруктуу жашабаган, бирок добуш берүүнү каалаган дареги) системасы кийирилгенин маалымдап, алдыдагы шайлоону даярдап өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин тактоо процессинин маанилүүлүгүн баса белгиледи. КР Президентинин Аппаратынын жүргүзгөн иштерин белгилөө менен Т. Абдраимов бул багытта биргелешкен кызматташтык улантыла берээрине ишенимин билдирди. Техникалык тапшырманын презентациясынан кийин аткаруучулар катышуучулардын суроолоруна жооп беришип, шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасын иштеп чыгуу жана кийирүү боюнча пикир алмашуулар жүрдү. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2230). 20 Июля 2011 г. |