МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасыТ. Абдраимовдун (АУДИБ/ЕККУ) делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү

Бүгүн, 2011-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Адамдын укуктары жана демократиялык институттары боюнча бюросунун (АУДИБ/ЕККУ) делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү.

Миссиянын башчысы Корнелия Йонкер айым 22-сентябрында өз иштерин баштай турган Миссиянын мүчөлөрү менен тааныштырды. Булар - Андрей Ханжин – улуттук азчылык маселелери боюнча эксперт, Лусине Бадалян –  шайлоолор боюнча кеңешчи, Оскар Ленер – Миссия башчысынын орун басары, Мэган Маккабе Фитцджеральд – юридикалык маселелер боюнча серепчи, Симеон Апостолов жана Стивен Мартин – шайлоолор жана шайлоочуларды каттоо боюнча эксперттер,  Иван Годарски – ЖМК маселелери боюнча эксперт.

К.Йонкер айым КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимовду кызматташтык жана 2010-жылда өткөн парламенттик шайлоонун жүрүшүндө Миссиянын делегациясына көрсөтүлгөн жардам  үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал 2011-жылдагы президенттик шайлоодо жарандык жана укук коргоо коомдоштугу менен активдүү кызматташуу өзүнүн оң натыйжаларын берерин айтты.

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЕККУ институтунун уюштуруу маселелерин чечүүдө ар түрдүү жардам берүүгө даяр экендигин белгилеп өттү.

 “Бүгүн алдыдагы президенттик шайлоого мониторинг жүргүзүү үчүн 14 эксперт келди. Аларга бүт өлкө боюнча шайлоолорго байкоо жүргүзүү үчүн 28 узак мөөнөттүк байкоочулар кошулат. 350 кыска мөөнөттүк байкоочулар шайлоо учурунда жерлерде добуштарды саноо процесcине көз салышат”- деп айтып, шайлоолор бүткөнгө чейин ЕККУ институту тарабынан негизги сунуштарды камтыган 2 аралык отчетторун жарыялай тургандыгын, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо  аяктагандан кийин АУДИБ/ЕККУнун Миссиясы пресс-конференция өткөрүлөөрүн маалымдады.

Миссиянын башчысы Бюронун ишмердүүлүгү шайлоолорду өткөрүүнүн эл аралык жана улуттук стандарттарына ылайык жүргүзүлө тургандыгын ырастады. К.Йонкер айым ЕККУнун институтунун өкүлдөрү пайда болгон талаш учурларды чечүүсүнө көз сала тургандыгына өзгөчө басым жасап айтты.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши Миссиянын ишинин маанилүү негизин түзөөрүн белгиледи.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (2266). 20 Сентября 2011 г.