МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Тил боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болду

Бүгүн, 2011-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо максатында курамында 12 адам болгон Тил боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болду.

Тил боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында чүч-кулак кармоонун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекциянын башкы адиси, филология илимдеринин кандидаты Казиев Нурбек Кожоярович төрагалык кылды.

Адегенде төрагалык кылуучу БШКнын 2011-жылдын 27-июлундагы № 57 токтому менен бекитилген “Тил боюнча комиссия жөнүндө” жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Атамбаев Алмаз, Жапаров Акылбек, Дыйканов Сооронбай, Каримов Алмазбек жана Токтогазиев Жумабек менен тааныштырды.

Жобого ылайык биринчи тапшырма Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер 30 мүнөттүн ичинде өздөрүнүн шайлоо алдындагы программасын жазуу жүзүндө баяндоого тийиш.

Экинчи жана үчүнчү тапшырмаларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер 15 мүнөттүн ичинде шайлоо алдындагы программасынын негизги жоболорун баяндап жана 3 баракка чейинки көлөмдөгү тексти окуп берүүгө талапкерлер алфавит тартибинде чакырылды.

Тил боюнча комиссия жазуу тапшырмаларын текшерип, программаларын жана көркөм чыгармалардан үзүндүлөрдү окуганын угушуп төмөнкүдөй чечим чыгарышты: Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Атамбаев Алмаз, Жапаров Акылбек, Дыйканов Сооронбай, Каримов Алмазбека и Токтогазиев Жумабек мамлекеттик тилди билишет. 

 

 

БШКнын маалыматтык саясат бөлүмү

 

Карап чыгуулар: (2427). 23 Сентября 2011 г.