КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери конкурстук тандоодон өтүп жатат |
Жаңы түзүмдү жана штаттык ырааттаманы бекитүүгө байланыштуу 2013-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – КР БШК) аппаратынын конкурс өткөрүлгөнгө чейин өзүнүн функциялык милдеттерин убактылуу аткарган кызматкерлери, ошондой эле КР БШКнын борбордук аппаратындагы бош администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө катышуу ниетин билдирген талапкерлер Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Тестирлөө борборунда компьютердин тестирлөөдөн өттү. «Түзүмдү жана штаттык ырааттаманы бекитүү жөнүндө» КР БШКнын төрагасынын буйругуна жана «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик кызматтарга дайындоо үчүн конкурстук тандоодон өтүүгө тийиш. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматындагы мамлекеттик административдик кызматтын бош орунун ээлөө үчүн конкурс өткөрүү жөнүндө убактылуу жобого» ылайык бош мамлекеттик кызмат ордун ээлөөгө конкурс төмөнкүдөй үч этап менен жүргүзүлөт: конкурстун катышуучуларынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарына белгиленген квалификациялык талаптарга шайкештигин карап чыгуу, компьютердик тестирлөө жана маектешүү. Конкурстук тандоонун биринчи этабынан кийин бош мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө компьютердик тестирлөөгө катышуу үчүн 46 арыз берилген. Алардын ичинен 24 талапкер тестирлөөдөн ийгиликтүү өттү, 6 талапкер зарыл баллды топтой алган жок жана 16 талапкер келген жок. Азыркы учурда талапкерлер конкурстук тандоонун үчүнчү этабына даярданып жатат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2860). 5 Февраля 2013 г. |