МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессин жакшыртуу жана өркүндөтүү иши илимий жактан бекемделген экспертизанын негизинде жүргүзүлүшү керек"-деп билдирет БШК.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессин  жакшыртуу жана өркүндөтүү иши илимий жактан бекемделген  экспертизанын негизинде жүргүзүлүшү керек"-деп билдирет БШК.

Ушул максатта БШК өлкөнүн жогорку окуу жайлары менен тыгыз иштешүүгө ниеттенүүдө. Бул этапта, БШК Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук  университети менен кызматташтык келишимине кол койду. Ошондой эле, өлкөнүн бардык аймактарындагы  жогорку окуу жайлары менен биргеликте иш  алып барууну пландаштырып жатат.

Келишимдин алкагында шайлоо мыйзамы тууралуу окутуу боюнча  өз ара аракеттенүү жана шайлоо процессинде каралган, шайлоо мыйзамы боюнча окуу куралдарын биргелешип даярдап жарыялоо, шайлоо процессинин катышуучулары үчүн семинарлар, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча биргелешкен илимий-практикалык жыйын жана демократиялык коомдун институттарын өнүктүрүү боюнча илимий макалаларды жарыялоо иштери  жүрмөкчү.

БШК ошондой эле адеп-ахлак, билим берүү жана маданият жылынын алкагында, конкреттүү, биргелешкен бир катар иш пландарын, ошондой эле шайлоонун жол-жоболорунун укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча БШКнын планын сунуштамакчы.

Ошону менен катар эле  БШК жаштардын шайлоо жана референдумдарга катышуу боюнча активдүүлүгүн  жогорулатуу үчүн активдүү иш жүргүзүүгө ниеттенет. Бул үчүн жакын арада  жаштар арасында атайын жолугушууларды  жана лекцияларды өткөрүп, алардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөөдө.

Лекцияларга БШКнын жетекчилиги жана мүчөлөрү, эксперттер катышмакчы. Алар студенттер арасында Кыргызстандын саясий системасынын  негиздери, шайлоо моделин жана шайлоочулардын добуштарын автоматтык негизде  эсептөөнүн тартиби тууралуу айтып беришет. Сабактын жүрүшүндө шайлоонун ар кандай аспектилери боюнча  автоматтык саноо урнасынын  жардамы менен добуш берүү өткөрүлөт.

БШКнын басма сөз кызматы 




Карап чыгуулар: (1247). 25 Апреля 2017 г.