МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Жарандардан арыздарды жана даттанууларды изилдөө жана шайлоочуларды эсепке алуунун Бирдиктүү системасын түзүү боюнча КР Боршайкомдун жумушчу топтору түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бүгүн 12-августтагы кезектеги жыйналышында 2008-жылдын 5-октябрындагы шайлоолордо №2 Жал шайлоо округу боюнча Бишкек шаардык ке ңешинин депутаттыгына талапкер Мурат Назарматовдун арызын карашты. Арыздануучу Борбордук шайлоо комиссиясынан №2 Жал округу боюнча Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка өткөндөрдүн бирин чыгарып салууну, эң аз добуш алгандын каттосун жокко чыгарууну жана аны Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына каттоону суранат.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2010-жылдын 17-декабрындагы жеке аныктамасын, ошондой эле жогорудагы арызды ар тараптуу жана обьективдүү кароо максатында Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобу түзүлдү. Аталган жумушчу топ эки жумалык мөөнөттүн ичинде колдо болгон бардык материалдарды изилдеп чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясына тийиштүү чечимдин долбоорун берүүсү керек.

Борбордук шайлоо комиссиясы мындан тышкары Чүй областтык шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Молдобаевдин иш аракетин мыйзамсыз деп табууну жана Чүй областтык шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 19-майындагы №12 жана 2011-жылдын 20-майындагы №13 чечимдерин жокко чыгарууну суранган Нурлан Кудайбергеновдун даттануусун карады. Эскерте кетсек, Н.Кудайбергенов 2010-жылдын 24-майынан 23-сентябрына чейин бир эле убакта Токмок шаардык кеңешинин жана Чүй райондук кеңешинин депутаты болуп турган. Чүй областтык шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 19-майындагы №12 чечими менен Промышленный шайлоо округу боюнча Токмок шаардык кеңешине депутат Н.Кудайбергеновдун ыйгарымдары токтотулган.

Жогорудагы даттанууну ар тараптуу жана обьективдүү кароо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы Жумушчу топту түздү, ал эки жумалык мөөнөттүн ичинде колдо болгон бардык материалдарды изилдеп чыгышы жана Борбордук шайлоо комиссиясына тийиштүү чечимдин долбоорун бериши керек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен шайлоочуларды эсепке алуунун Бирдиктүү системасын түзүү жөнүндө Жобону иштеп чыгуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков башында турган 11 адам курамындагы жумушчу топ түзүлдү.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

 

Карап чыгуулар: (1483). 12 Августа 2011 г.