Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмери Сулайман Иманбаевдин жаркын элеси түбөлүккө сакталат |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эмгек жамааты жана коллегалары, Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Сулайман Иманбаевич Иманбаевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакын тууган-туушкандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт. С.Иманбаев 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы болуп дайындалган. Бул мамлекеттик жооптуу кызмат ордунда 2005-жылга чейин иштөө менен Сулайман Иманбаев өлкөбүздүн шайлоо системасынын түптөлүшүнө жана калыптанышына, жарандардын шайлоо укугун жүзөгө ашырууну камсыз кылууда салым кошкон. Сулайман Иманбаевич таланттуу, жогорку жоопкерчиликти сезе билген, кесипкөй, ак пейил, адамдарга жардам бере билген жетекчи эле. Сулайман Иманбаевичтин жаркын элеси дайыма биздин жүрөктөрдө сакталат.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын эмгек жамааты жана коллегалары |
Карап чыгуулар: (1244). 25 Апреля 2017 г. |