МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

85,4 пайыз шайлоочулардын пин-номерлери такталды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасынан (ШЭБС) эки тизмеге киргизилип калгандарды иретке келтирүү максаты менен шайлоочулардын тизмелерин тактоо жана алардын жеке пин-номерлерин тактоо боюнча иш үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.  

Өткөн жылдын октябрына карата 64,6% шайлоочулардын пин-номерлери такталып, ал эми бүгүнкү күнгө карата 85,4% шайлоочулардын пин-номерлери талталды.

Каракол, Балыкчы, Ат-Башы райондорунун жана Талас шаарынын системалык администраторлору тарабынан 100% шайлоочулардын тизмелери такталды жана пин-номерлери киргизилди, республиканын башка аймактарында бул иш улантылып жатат.

Эки тизмеге киргизилип калгандарды табуу татаал жана эмгекти көп талап кылуучу,  Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондусу, Мамлекеттик каттоо кызматы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташтыкта жүргүзүлүүчү процесс. МКК жана ЖӨБ органдары шайлоочулардын даректик маалыматтарын, ФААнын так жазылышын (паспорт боюнча) жана туулган датасын тактап, андан соң ал маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына беришет. Шайлоочу тууралуу такталган маалымат Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасына (ШЭБС) киргизилип, кошумча щайлоочунун жеке пин-номери берген Соц. фонддогу маалымат менен текшерилет. КР БШК системалык администраторлору тарабынан ошол шайлоочунун жеке пин-номери ШЭБСке киргизилет.

Бул иш бир эле шайлоочунун бир нече шайлоо участкаларында добуш берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу үчүн жүргүзүлөт.  

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (2043). 8 Октября 2013 г.