Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын шайлоочулардын тизмеси боюнча тактоосу |
2011-жылдын 27–июлунда “24.kg” маалымат агенттигинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Д.Абдраимовдун атына шилтеме жасоо менен “программаны ким иштеп чыкпасын, кошумча тизме баары бир болот” деген маалымат чыккандыгына байланыштуу, төмөнкү тактоону киргизебиз: Ушул жылдын 27-июлунда өткөн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында КР Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү И. Д. Кадырбеков тарабынан шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасын иштеп чыгуу маселеси көтөрүлгөн. Аталган маселени талкуулоонун жүрүшүндө КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Д. Абдраимов шайлоочулар буга чейин республиканын шайлоо мыйзамдарына ылайык, кошумча тизме боюнча да добуш беришкен болсо, эми алдыдагы президенттик шайлоолордо да кошумча тизмени талап кылышаары мүмкүн экендиги туурасында пикирин билдирген. Бирок “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жаңы конституциялык Мыйзамда кошумча тизме түзүү каралган эмес. Добуш бериле турган күнү шайлоочулардын тизмесине кийирилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу.
|
Карап чыгуулар: (2168). 28 Июля 2011 г. |