Айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосунун дайындоо жана өткөзүү тууралу Календардык план жана чыгымдар сметасы бекитилди |
Бүгүн, 2016-жылдын 28-январында, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Баткен, Жалал- Абад, Нарын, Ыссык-Көл, Чүй, Ош областары жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоосун дайындоо жана өткөрүүнүн Календардык планын жана чыгымдарынын сметасын өзүнүн отурумунда бекитти. Кыргыз Республикасынын Президентинин 23-январындагы № 16 Жарылыгына ылайык, жогоруда аталып кеткен жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосу 2016-жылдын 27-мартына дайындалды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Байбакпаев Экмат Джурукпаевич атын өзгөрткөндүгүнө байланыштуу, ага жаңы күбөлүк берилди. |
Карап чыгуулар: (1478). 28 Января 2016 г. |