МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорун даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планы бекитилди

Бугун, 17-августта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн кезектеги жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Өмүрбек Эгембердиевдин, Исхак Масалиевдин, Мамбетжунус Абыловдун, Марат Иманкуловдун, Гайша Ибрагимованын, Шамшыбек Медетбековдун, Борончу Кудайбергеновдун, Акылбек Жапаровдун, Нариман Тюлеевдин, Марат Султановдун, Мурат Боромбаевдин, Темирбек Асанбековдун, Жумабек Токтогазиевдин, Жанторо Сатыбалдиевдин, Толонбай Колубаевдин, Өмүрбек Текебаевдин, Алмазбек Атамбаевдин, Айсалкын Карабаеванын, Нурлан Алымкуловдун, Акылбек Сариевдин, Кубанычбек Исабековдун, Аскарбек Абышевдин, Кубатбек Байболовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Барктабас Аземкуловдун арызын чакыртып алгандыгына байланыштуу, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулушу жөнүндө чечим кабыл алынды. Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Камчыбек Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Чолпон Асееванын берген арызынын негизинде анын ыйгарым укуктары токтотулду.

 Борбордук шайлоо комиссиясы “Тил боюнча комиссиясы жөнүндө” Жобого экзаменди кабыл алуу тартибин түзүү, талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо боюнча жыйналыштын төрагасын тактоосу, мамлекеттик тилди билүүнү аныктоо боюнча талапкерлерге коюлган талаптарга жана башка ушуларга тиешелүү маселелерге  толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизди.

 Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жеткирүүдө, берүүдө жана кабыл алууда санкцияланбаган жетиштиктен коргоону камсыз кылуунун тартибин бекитүү жөнүндө Жобону бекитти.

 Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү өзүнүн токтому менен Талас облусунун Кара-Бура, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизишти.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2011-жылдын 9-октябрында өтө турган жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоого карата Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын Календарлык планын бекитти.

 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” жана “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” жоболорго ылайык, шаардын мэрин жана айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенинин формаларын бекитүү жөнүндө жана шаардын мэрин, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жыйынтыктары боюнча протоколдун формаларын бекитүү жөнүндө токтомдор кабыл алынды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

 

Карап чыгуулар: (2278). 17 Августа 2011 г.