МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

2013-жылдын 18-августуна дайындалган КыргРеспубликасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун схемасы жана сметасы бекитилди

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында  2013-жылдын 18-августуна дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек араларын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Ошондой эле  шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн  сметасы  3 млн 189 миң 200 сом суммасында бекитилди.

Шайлоо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы  “Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо  күнүн дайындоо жөнүндөгү” Жарлыгынын негизинде Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын, Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо , Чаткал районундагы Терек-Сай жергиликтүү кеңештерине өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылган.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы, 62-62-86

Карап чыгуулар: (668). 9 Июля 2013 г.