МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын референдумдарын, шайлоолорун даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу документтерди архивдерге өткөрүп берүүнүн жана сактоонун Тартиби бекитилди

Бүгүн, 2012-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн жыйынында “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу контролдук-текшерүү тобун түзүү жөнүндө токтом кабыл алды. Аталган топ 2012-жылдын 4-мартына дайындалган жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу чыгымдалышын контролдоону ишке ашырат.

 Ушул эле жыйналышта, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемасы жана чек аралары, ошондой эле, “Кыргыз Республикасынын референдумдарын, Президентти, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу документтерди архивдерге өткөрүп берүүнүн жана сактоонун Тартиби”  бекитилди.

Ошондой эле. БШК мүчөлөрү тарабынан “2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо документтерин архивге өткөрүп берүү жана жок кылуу үчүн даярдоо жөнүндө” токтом кабыл алынды. Бул токтомго ылайык, “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасында сактоодо турган тиешелүү шайлоо документтерин сактоого жана жок кылууга тандоо үчүн комиссия түзүлөт. 

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

 

 

 

Карап чыгуулар: (1418). 18 Января 2012 г.