МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлер, алардын өкүлдөрү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана ишенимдүү адамдары үчүн Эскертме бекитилди

Бүгүн, 29-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына  “Республика” саясый партиясынын талапкерлеринин тизмесинен Аманылло Розыбаевич Иминовду каттады. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов ага белгиленген үлгүдөгү төш белги жана күбөлүк тапшырды.

Жыйналышта ошондой эле КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Камчыбек Ташиевдин, Акбаралы Айтикеевдин, Болотбек Казакбаевдин жана Акылбек Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталышты.

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн аймактык шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө токтомго толуктоо киргизди. Атап айтканда, өкүлчүлүктүү органдардан талапкерлерди киргизүү менен Сузак аймактык шайлоо (АШК) толугу менен түзүлүп бүттү. Эскерте кетсек, Сузак АШКсын түзүү маселесин өткөн жыйналышта талкуулоонун жүрүшүндө аталган райондун райкеңеши БШКнын ченемдик-укуктук актысы талап кылган кезексиз сессияны өткөргөн эмес. Сузак АШКнын курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин райкеңештин президиуму бекиткен. БШК Сузак АШКнын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө тийиштүү документтерди кабыл алуу мөөнөтүн 2011-жылдын 28-июлуна чейин узартуу тууралу токтом кабыл алган. Бүгүн Сузак АШКнын 12 адамдан турган курамы түзүлдү.

Ошондой эле, бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Ала-Бука АШК курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизишти.

Күн тартибинин кийинки маселеси Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” жобого өзгөртүү жана толуктоо киргизүү болду.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын кызмат ордуна талапкерлери, алардын өкүлдөрү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана ишенимдүү адамдары үчүн Эскертмени бекитти. Аталган усулдук колдонмо кыргыз жана орус тилдеринде 1000 нускада басылып чыгарылат.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы 

 

Карап чыгуулар: (1793). 29 Июля 2011 г.