МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо үчүн атайын кагаздын коргоо даражасы бекитилди

Бүгүн, 10-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Камчыбек Ташиевдин, Жаныш Рустенбековдун, Турсунбай Бакир уулунун, Өмүрбек Текебаевдин, Марат Иманкуловдун жана Сооронбай Дыйкановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды.

Бүгүнкү жыйналышта “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо үчүн атайын кагаздын коргоо даражасын бекитти.

Шайлоо бюллетени коргоонун 5 даражасына ээ,  тыгыздыгы 80 гр., жарыкта көрүнгөн кызыл, жашыл; жарыкта көрүнбөй турган көгүлтүр, саргыч; ультрафиолетте чагылдырылганда көрүнгөн коргоочу жипчелери, жекече эксклюзивдик белгилери күндүн жарыгында көрүнүп, “ЦИК КР” жазуусу улам кайталанып турган атайын кагазда басылат.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы 

 

 

Карап чыгуулар: (1975). 10 Августа 2011 г.