МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

2016-жылдын 11-декабрына дайындалган референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча БШКнын кээ бир жоболору бекитилди

 

13-ноябрда БШКнын кезектеги жыйынында 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча БШКнын төмөнкү кээ бир жоболору бекитилди:

“Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу, добуш берүүнүн тартибин жана добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо жөнүндө”;

“Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө”;

“Референдумдагы үгүт топторуна мамлекеттик ММКлардын басылмаларында жана каналдарында акысыз обо убактыны, басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрүү тартиби жөнүндө” Нускама.

Ошондой эле, жыйында БШК Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 12-августундагы№117 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө”жобону күчүн жоготту деп тапты.

БШК мүчөлөрү тарабынан БШКнын 2015-жылдын 31-июлундагы №102 токтому менен бекитилген“Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуусун уюштуруу жөнүндө” Жобогожана2015-жылдын 6-ноябрындагы “2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” № 187 токтомунун 2-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилди.

 

 

КР БШК басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1675). 13 Ноября 2016 г.