МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенинин формасы жана коргоо даражасы бекитилди

Бүгүн БШК мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенинин формасы жана коргоо даражасы, Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору, кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдери бекитилди.

Ош облусунун Кара-Суу районун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы А.И.Айткурбанов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган, ошого байланыштуу БШКнын отурумунда Савай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2016-жылдын 15-мартына дайындоо боюнча токтом кабыл алынды.

Мындан тышкары, Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Нарын шаардык; Жалал-Абад облусунун Аксы, Тогуз-Торо; Чүй облусунун Кемин, Панфилов; Ысык-Көл облусунун Каракол, Жети-Өгүз; Талас облусунун Манас; Баткен облусунун Лейлек; Ош шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди. 

Карап чыгуулар: (1178). 25 Февраля 2016 г.