Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча протоколдордун формалары бекитилди |
Бүгүн, 22 августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Уланбек Сооданбековдун, Марат Иманкуловдун, Роман Оморовдун, Аскарбек Абышевдин, Алмазбек Атамбаевдин, Гайша Ибрагимованын, Торобай Кулубаевдин, Бакыт Керимбековдун, Камчыбек Ташиевдин жана Кубатбек Байболовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды. Борбордук шайлоо комиссиясы Чүй облусунун Панфилов, Москва, Жайыл, аймактык шайлоо комиссияларынын, Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын, Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусунун Ош шаардык, Чоң- Алай аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Аксы, Таш-Көмүр, Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди. Бүгүнкү жыйында «Участкалык шайлоо комиссияларынын журналы» методикалык колдонмо бекитилди, ал участкалык шайлоо комиссияларынын ишин жеңилдетүү жана уюштуруучулук методикалык жардам көрсөтүү максатында басылып чыгарылат. Мындан тышкары, 2011-жылдын 9-октябрында өтө турган жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын чектери жана тизмелери бекитилди. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу участкалык, аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун формаларын бекитти. Аталган протоколдор кыргыз жана орус тилдеринде атайын коргоосу бар барактарда чыгарылат. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, шайлоочуларды тизмеге киргизүү жөнүндө арыздын, шайлоо дареги жөнүндө арыздын, жеке маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыздын формаларын талкуулоо учурунда келип түшкөн сунуштарды эсепке алуу менен бекитти.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (2269). 22 Августа 2011 г. |