Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер КР мамлекеттик тилин билүүсүн аныктоо үчүн тил боюнча Комиссиянын он мүчөсүнө талапкерлерди бекитти. |
Бүгүн, 27-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү. Боршайком Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Акбаралы Айтикеевдин, Камчыбек Ташиевдин, Адахан Мадумаровдун, Алмазбек Каримовдун жана Нурлан Мотуевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады. Жыйналышта “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин тилди билишин аныктоо боюнча Комиссия жөнүндө Жобону бекитишти. Конституциялык Мыйзамга ылайык мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тил боюнча Комиссиянын курамын 12 адамдан түзүүнү сунуштайт, ал Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен бекитилет. Бүгүн, БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия сунуш кылган 14 талапкердин он адамын Комиссиянын курамына бекитти, алар: Акматалиев Абдылдажан Амантурович, Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору, филология илимдеринин доктору, академик; Батаканова Светлана Топчуевна, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору, педагогикалык илимдердин кандидаты, доцент; Василькова Галина Алексеевна, Кыргыз-Россиялык Славян университетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты; Исаков Каныбек Абдуваситович, Ош мамлекеттик университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор; Искендерова Суусар Искендеровна, Х.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин проректору; филология илимдеринин доктору; Исамидинов Искендер Чоңмурунович, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, педагогикалык илимдердин доктору, профессор; Казиев Нурбек Кожоярович, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министрлигинин алдындагы лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча Мамлекеттик инспекциясынын башкы адиси, филология илимдеринин кандидаты; Нурманбетов Тынчтыкбек, “Кырчын” журналынын башкы редактору, акын, Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери, Рыскулова Гүлжамал Үмөткуловна, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты, Өмүрканов Анатай, Кыргыз Республикасынын эл акыны. КР БШК мүчөсү, КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген документтерди кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Жеңишбек Акматов түшүндүргөндөй, БШК мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссияга Комииссияны толук түзүү үчүн талапкерлерди көрсөтүүгө кайрадан суроо-талап жиберет. КР БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун сунушу боюнча күн тартибине Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо округунун (АШО) курамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө маселе кошулган. Берген арызынын негизинде комиссиянын курамынан “Улуу Биримдик” Улуттук-демократиялык партиясынан Бектемир Султаналиев чыккан. Анын ордуна АШО курамына “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан Чапрашты Сатыбалдиев киргизилген. КР БШК мүчөсү Ишенбай Кадырбековдун сунушу боюнча күн тартибине шайлоочуларды эсептөөнүн бирдиктүү системасын иштеп чыгуу боюнча маселе киргизилген. Аталган долбоор боюнча техникалык тапшырманы ПРООН иштеп чыгып, тапшырып берген. Бул маселени талкуулашкандан кийин БШК мүчөлөрү аталган маселени IT-иштеп чыгуучулардын катышуусу менен иш арасында карап чыгуу андан кийин БШК жыйналышына көтөрүүнү жакынкы күндөргө чыгаруу чечимин кабыл алышты
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (1838). 27 Июля 2011 г. |