![]() Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди |
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдоруна ылайык, Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер, Кара-Суу районунун Төлөйкөн, Чүй облусунун Москва районунун Петровка, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2014-жылдын 26-декабрында өткөрүлүп, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде Н.Т.Мурзуибраимов, А.А.Абдукаримов, Д.Б.Астаров, жана А.С.Кубанычбеков Зергер, Төлөйкөн, Петровка жана Боо-Терек айыл өкмөттөрүнүн башчылары болуп дайындалышты. КР БШКнын басма-сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2530). 29 Декабря 2014 г. |