Бүгүн, 2012-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы болуп өтүп, анда 2012-жылдын 25-мартында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилди.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-24-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 40-беренесинин 4-бөлүгүнө. 56-62-беренелерине ылайык КР БШК мүчөлөрү Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо тууралу Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун, ошондой эле 2012-жылдын 25-мартында өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо тууралу Аксы, Алай, Жети-Өгүз, Аламүдүн, Кемин жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти.
Жыйналышта ошондой эле КР БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-24-26-пункттарына, 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 38-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 6-бөлүгүнө, 40-беренесинин 4-бөлүгүнө, 56-беренесине ылайык “Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жана добуш берүүнүн натыйжаларын бекитүү жөнүндө” токтом кабыл алышты. Токтомго ылайык Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча №№7069, 7075, 7076, 7080 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы |