МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери бекитилди.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.

Жергиликтүү кеңештердин сессияларынын токтомдору менен айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулган. Ал токтомдордун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун алган, шайланган депутаттардан кийин турган талапкерлерге жана пропорциялуу система боюнча саясий партиялардын тизмелериндеги депутат болуп шайлангандардан кийин катталган талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 

басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1666). 31 Января 2014 г.