МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдкум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынын (мындан ары – УШК) курамдарын жана резервдерин толуктоо үчүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан (мындан ары – АШК) документтерди кабыл алуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө жарыялайт.

Шайлоочулардын чогулушунан, коомдук уюмдардан УШКлардын курамдарына жана резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2016-жылдын 12-августунда саат 18-00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында кабыл алынат жана тиешелүү жергиликтүү кеңештер же жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналыштары  тарабынан АШКга берилет.

УШКлардын курамдарына жана резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2016-жылдын 12-августунда саат 18-00гө чейин АШКда кабыл алынат.

УШКларды түзүүдө “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесин так сактоо кажет.

“Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” жана “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жоболор, УШКлардын курамдарына жана резервдерине талапкерлерди көрсөтүү үчүн зарыл документтердин үлгүлөрү менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтынан таанышсаңыздар болот.

Маалымат алуу тел: (0312) 66-01-09, (0312) 62-08-29

Карап чыгуулар: (1622). 3 Августа 2016 г.