![]() КР БШКда шайлоочулардын тизмесин түзүү жана тактоо проблемаларын талкулоо боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү |
Бүгүн, 2012-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесин түзүү жана тактоо проблемаларын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү. Жумушчу кеңешмеге Боршайлоокомдун төрагасынын орун басарлары Г. Джурабаева жана А. Шайымкулова, КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын жана КРнын Социалдык Фондунун өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси, ошондой эле өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Аталган иш чаранын жүрүшүндө катышуучулар Боршайлоокомдун жана мамлекеттик органдардын өкмөттүк эмес уюмдар менен шайлоочулардын тизмесин тактоодогу өз ара аракетинин мүмкүн болгон формаларынын маселелерин талкуулашты жана анализ беришти. Боршайлоокомдун Төрагасынын орун басары Г. Джурабаеванын жумушчу кеңешмедеги “Шайлоочулардын так тизмесин түзүү: чечүүнүн проблемалары жана жолдору” бетачарын ушул жерден көрсөңүздөр болот.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма-сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1965). 11 Мая 2012 г. |