МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР БШКга КР Президенти кызматына талапкерликке өзүн өзү көрсөткөн, убактылуу жумушсуз Турсунбай Бакир уулунан арыз жана КР Президенти кызматына талапкер катары Б.Э. Төрөбаевди көрсөткөн “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын чечими келип түштү

2017-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерликке өзүн өзү көрсөткөн Кыргыз Республикасынын жараны, 1958-жылдын 17-мартында туулган Турсунбай Бакир уулу арыз менен кайрылган.

Ошондой эле 2017-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерликке Б.Э. Төрөбаевди көрсөткөн ”Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын чечими келип түшкөн.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 29-июнуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:

-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү көрсөткөн Кыргыз Республикасынын 8 жаранынан;

-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин көрсөткөн 2 саясий партиядан чечим түшкөн.

КР БШК аппаратынын маалымат кызматы

Карап чыгуулар: (389). 29 Июня 2017 г.