![]() БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу К.Д. Шаршекеевадан арыз келип түштү |
2017-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1957-жылдын 30-мартында туулган, Борбор Азиядагы Эл аралык университеттин провосту Шаршекеева Камила Дуйшебаевнадан БШКга арыз келип түштү. Эске сала кетсек, 2017-жылдын 28-июнуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына: -7 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн. -1 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү |
Карап чыгуулар: (2491). 29 Июня 2017 г. |