![]() Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсепке алуунун бирдиктүү системасы” деген темада тегерек стол өттү |
Бүгүн, 2012-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсепке алуунун бирдиктүү системасы” деген темада тегерек стол өттү (мындан ары- ШЭБС). Тегерек столдун ишине Борбордук шайлоо комиссиясыныны төрагасы Т.Абдраимов, төраганын орун басарлары Г.Джурабаева, А.Шайымкулова, КР БШК мүчөлөрү И.Кадырбеков, Г.Баатырова, А.Асаналиев, Кыргыз Республикаснын финансы министри А.Жапаров, Кыргыз Республикасынын коргоо министри Т.Омуралиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Э.Алиев, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы А.Исаев, Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы А.Осмоналиев, ЖӨБУАнын (НАМСУ) статс-катчысы У.Нарусбаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын начальнигинин милдетин аткаруучусу, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасынын биринчи орун басары, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун бөлүмдөрүнүн начальниктери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Тегерек столдун ишин КР БШК төрагасы Т.Абдраимов ачты. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, ШЭБС боюнча жумушчу тобунун жетекчиси И.Кадырбеков жана ШЭБС боюнча иштеп чыгуучулар тобунун жетекчиси Ушаков Сергей чыгып сүйлөштү. И.Кадырбеков “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсепке алуунун бирдиктүү системасын” түзүү жана колдонуу маселелерине көбүрөөк токтолсо, С.Ушаков, ШЭБСги мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумундагы байланышынын техникалык маселелерине катышуучулардын көңүлдөрүн бурду. Ушул иш-чаранын жүрүшүндө тегерек столдун катышуучулары “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсепке алуунун бирдиктүү системасынын” өзгөчөлүктөрүн жана артыкчылыктарын анализдеп талкууга алышты. Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча ШЭБСти өркүндөтүүгө байланышкан рекомендациялар жана сунуштар даярдалды. Тегерек стол Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасындагы шайлоолорго көмөк көрсөтүү боюнча Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын жардамы менен, Европалык Союздун, Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча Агенттигинин жана Австриянын Өкмөтүнүн финансылык жардамы аркылуу уюштурулду. Эскерте кетсек, “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсепке алуунун бирдиктүү системасы” Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарынын жана референдумдарга катышуу, шайлоочулардын, референдумга катышуучулардын тизмелерин түзүүдө, шайлоо округдарды, шайлоо участкаларды түзүүдө, референдумдарды жана Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу башка иштерди аткаруудагы укуктарынын кепилдиктерин камсыздоо максатында түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1533). 16 Февраля 2012 г. |