Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызмат ордуна 19 талапкер арыз беришкен, анын бири арызын кайра кайтарып алган |
2011-жылдын 21-июлуна карата Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арыз менен төмөндөгү өзүн өзү көрсөткөндөр кайрылышкан: Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., отставкадагы милициянын генерал-майору, Дамра Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР коргоо Министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Игорь Трофимов, 1975-ж.т., “Сергей Радонежский жана Айкөл Манас атындагы укук коргоо борбору” ЖЧК Генералдык директору; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 5 саясый партиядан келип түшкөн. Кыргызстан коммунисттер партиясы Исхак Масалиевди, “Ата-Журт” партиясы- Камчыбек Ташиевди, “Бүтүн Кыргызстан” (“Единый Кыргызстан”)-Адахан Мадумаровду, “Партия зеленых Кыргызстана”-Эркин Булекбаевди, “Эл үчүн” (“За народ”)-Арстанбек Абдылдаевди көрсөтүшкөн. 19-июлда өзүн өзү көрсөткөн Игорь Трофимов арызын кайтарып алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы.
|
Карап чыгуулар: (1826). 21 Июля 2011 г. |