Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызмат ордуна 24 талапкер арыз беришкен, анын 19 у өзүн өзү көрсөткөндөр |
2011-жылдын 27-июлуна карата Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арыз менен өзүн өзү көрсөткөн Жаныбек Сүйналиев, 1955-жылы туулган, жумушсуз, Фрунзедеги политехникалык институтун бүтүргөн кайрылган. Мындан тышкары өзүн өзү көрсөткөндөр болуп: Акбаралы Айтикеев, 1958-ж.т. КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП)-22 (жыйырма эки) мамлекеттердин (Москва шаары, Россия Федерациясы) өнөржайчыларынын жана ишкерлеринин Эл аралык Конгрессинин Вице-Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр жай, айыл чарба кызматчыларынын жана жетишсиз үй бүлөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо партиясы” саясий партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Өмүрбек Бөлтүрүкөв, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйканчылык чарбасынын директору, Асида Иманалиева, 1968-ж.т., убактылуу иштебейт, Сазыкбай Турдумалиев, 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генеральный директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы, Каримов Алмазбек Ташполотович, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору, Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., отставкадагы милициянын генерал-майору, Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР коргоо Министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы. 27-июлга карата беш партия талапкерлерди көрсөттү: Кыргызстан коммунисттер партиясы Исхак Масалиевди, “Ата-Журт” партиясы- Камчыбек Ташиевди, “Бүтүн Кыргызстан” (“Единый Кыргызстан”)-Адахан Мадумаровду, “Партия зеленых Кыргызстана”-Эркин Булекбаевди, “Эл үчүн” (“За народ”)-Арстанбек Абдылдаевди көрсөтүшкөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (2372). 27 Июля 2011 г. |