МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Республикада 15 айыл аймактарында айыл өкмөт башчылары шайланды

17-июлда, республиканын Чүй, Нарын, Ош, Ысык-Көл, Талас жана Жалал-Абад областтарынын 15 айылдык аймактарында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өттү. Шайлоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана  референдум өткөрүү боюнча борбордук  комиссиясынын  2013-жылдын 28-июнундагы токтому менен бекитилген. Шайлоонун жыйынтыгында айылдык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушуна ээ болушкан:

Мирлан Ракишев Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы,

Бактыбек Абласов Кемин районундагы  Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн башчысы

Шамиль Сушанло, Москва районундагы Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы, 

Эрмек Мамырканов Сокулук районундагы  Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы 

 Аида Бейшенова Сокулук районундагы  Орок айыл өкмөтүнүн башчысы

 Кадыр Жанчыкулов Бакай-Ата районундагы  Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы,

Абаскан Муртабеков, Кара-Буура районундагы  Бейшеке айыл өкмөтүнүн башчысы

Азизбек Сыдыканов Кочкор  районундагы  Ак-Кыян айыл өкмөтүнүн башчысы

Алтынбек Мамасадыков Кара-Суу районундагы  Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы,

Абдыраман Пазылов  Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы

Тимур Айылчиев Ысык-Көл районундагы  Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы,

Марат Өмүрбеков Ак-Суу районунудагы Бөрү –Баш айыл өкмөтүнүн башчысы,

Талант Бектурганов Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы,

Канатбек Урманбетов Тоң районундагы  Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы

Батыркул Шабданов Аксы районундагы  Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланышты.

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1319). 18 Июля 2013 г.