МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

2013-жылдын 18-августунда Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын, Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо , Чаткал районундагы Терек-Сай жергиликтүү кеңештерине шайлоо өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы  “Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо  күнүн дайындоо жөнүндөгү” Жарлыгынын негизинде ушул жылдын 18 августу күнү Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын, Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо , Чаткал районундагы Терек-Сай жергиликтүү кеңештерине шайлоо өткөрүлөт. Бул жергиликтүү кеңештер шаар мэрин жана айыл өкмөт башчыларын белгиленген мөөнөттө шайлабагандыгы үчүн таркатылган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек араларын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылган.

          Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1444). 15 Августа 2013 г.