МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Добуш берүү күнү, 2012-жылдын 25-ноябрында, шайлоочулардын тизмесине кирген шайлоочулар гана добуш бере алат

Добуш берүү күнү, 2012-жылдын 25-ноябрында, шайлоочулардын тизмесине кирген шайлоочулар гана добуш бере алат 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын Календарлык планына ылайык, катталган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды тактоо 2012-жылдын 25-сентябрында, башкача айтканда, 2012-жылдын 25-ноябрына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин башталган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 2012-жылдын 16-октябрынан тартып бардык 2028 участкалык шайлоо комиссиясында тиешелүү шайлоо участкасынын аймагында жашаган шайлоочулар таанышуусу үчүн шайлоочулардын тизмелери илинет.

Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык ар бир шайлоочу 30 календардык күндүн ичинде, бирок добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен өзү шайлоочулардын тизмесинде болбогондугу жөнүндө, андагы ката же так эместик жөнүндө тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу. Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күн калганда участкалык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот.

Добуш берүү күнү, 2012-жылдын 25-ноябрында, шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш бере ала тургандыгын эске салабыз.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1818). 15 Октября 2012 г.