МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш бере алышат

Урматтуу шайлоочулар!

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ар бир шайлоочу 30 календардык күндүн ичинде, бирок добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен өзү шайлоочулардын тизмесинде болбогондугу жөнүндө, кандай гана болбосун андагы ката же так эместик жөнүндө тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу. Добуш берүү күнүнө чейин10 календардык күн калганда участкалык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиз, урматтуу шайлоочу өзүңүздүн шайлоочулардын тизмесинде болбогондугуңуз жана кандай гана болбосун андагы ката же так эместик жөнүндө тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө 2012-жылдын 15-ноябрына чейин билдире ала тургандыгыңыз тууралуу эсиңиздерге салат.

Бул үчүн Сизге арыздардын № 1 же № 3 формаларын (шайлоочулардын тизмесине киргизүү жана шайлоочунун жеке маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыздар) толтуруу зарыл.

Арыздардын бланкаларын Сиз тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынан алсаңыз болот. Толтурулган формага каттоо белгиси бар паспортуңуздун көчүрмөсү милдеттүү түрдө тиркелиши керек, андан кийин Сиз шайлоочулардын тизмесине киргизилесиз.

Эсиңиздерге сала кетсек жарандардан арыздарды кабыл алуу 2012-жылын 14-ноябрында саат 24:00 аяктайт.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

Карап чыгуулар: (2239). 11 Ноября 2012 г.