«Шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча БШКнын иш чаралар планын» жүзөгө ашыруунун алкагында шайлоочулардын тизмеси жана идентификациялоону жакшыртууга байланышкан бир катар ченемдик-укуктук актылар бекитилди. |
Бүгүн 2017-жылдын 26-апрелинде БШКнын жыйынында–шайлоо процессин өркүндөтүү, КР БШКсы жана МККнын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 16-февралындагы №35- токтому менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өз ара кызматташуусунун тартиби жөнүндө” Жобосуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Киргизилген толуктоолорго ылайык, “шайлоочунун №3-формадагы арызын кабыл алууда УШК мүчөсү туура толтурулганын жана паспортундагы маалыматтарга дал келерин текшергенден кийин, шайлоочуга №3-формадагы арыздын төмөн жагында жайгашкан, арыздын иштелип чыгуу статусун тактап алуу боюнча маалыматтар камтылган, УШКнын номери көрсөтүлүп, өзүнүн фамилиясы, койгон колу жана УШК мөөрү басылган, айырма талонду тапшырат”. Ошондой эле көрсөтүлгөн Жобонун 4-пунктундагы “Шайлоочуларды идентификацияга даярдоо жана өткөрүү тартибине” өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, ага ылайык “эгерде манжаларынын тактары боюнча идентификациядан өтпөй калган учурларда, шайлоочу бетинин биометриялык параметри боюнча идентификациядан өтөт. Мында шайлоочунун бети тийиштүү шайлоо участогунун базасындагы биометриялык маалыматтардагы сүрөтү менен салыштырылат. Бетинен идентификациялоонун саны -1. Бети боюнча идентификациядан ийгиликтүү өткөн учурларда – шайлоочунун идентификациядан өткөндүгү жөнүндө автоматтык түрдө чек басылып чыгат”. Мындан тышкары жаңы тейлөө киргизилүүдө, ага ылайык шайлоочу өзү тизмеге кирген шайлоо участогунун дареги жана номери көрсөтүлгөн маалыматтарды ала алат. Ошондой эле 119-номерине бекер чалып билсе болот. Добуш берүү күнүндө шайлоочу жөнүндө маалыматтарды тактоо үчүн, киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык “шайлоо участоктору “УШК сурап-билүүсү” автоматтык маалыматтык системасы коюлган компьютерлер менен жабдылат (мындан ары-АМС “УШК сурап-билүүсү”). АМС “УШК сурап-билүүсү” бул УШКнын тизмесине кирбеген шайлоочуларга көмөк көрсөтүү үчүн белгиленген. АМС “УШК сурап-билүүсүнө” шайлоочу жөнүндө суроо-талап жөнөтүү, шайлоочунун ID–картындагы ПИНинин негизинде жүргүзүлөт. Жооп шайлоочу тизмеге кирген шайлоо участогунун дарегин, номерин көрсөтүү түрүндө түзүлөт. АМС “УШК сурап-билүүсүнүн” иштешине атайын даярдалган, тийиштүү жетүү формасы бар оператор жооп берет. АМС “УШК сурап-билүүсүнө” өзүнчө логин жана парол менен кирет. Ошондой эле КР БШКнын жыйынында, шайлоочулардын, референдумга катышуучулардын эсебин алуу жана түзүү, КР БШКсы бекиткен шайлоо участкаларынын схемалары жана чектеринин негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүүнү автоматташтыруу максатында “ Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын тизмесин башкаруунун Маалыматтык системасын түзүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө” Жобо бекитилди. Кыргыз Республикасында шайлоо системасынын айкындыгын камсыз кылуу жана жарандардын мамлекеттик органдардын карамагында турган маалыматтарга жетүү укуктарын жүзөгө ашыруу, жарандардын шайлоочулардын тизмеси жана шайлоо системасы жөнүндө маалыматтарды эркин жана тоскоолдуктарсыз алуу укуктарын жүзөгө ашыруу, ошондой эле шайлоочуларга, референдумдун катышуучуларына анын тизмеде бардыгын текшерип алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында,”Мамлекеттик “Шайлоо” Порталы” жөнүндө” Жобо каралды жана бекитилди. Көрсөтүлгөн Жобо, ошондой эле “КР БШКсы жана МККнын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өз ара аракеттенүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосун өзгөртүү КР БШКсынын 2017-жылдын 29-мартындагы №77 токтому менен бекитилген “Шайлоо процесстерин өркүндөтүү боюнча иш чаралар Планын” аткаруунун алкагында кабыл алынды. КР БШКсынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1307). 27 Апреля 2017 г. |