Үстүбүздөгү жылдын 3-октябрында Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облусттарындагы он айыл өкмөтүндө шайлоо жана эки айыл өкмөтүндө кайра шайлоо өткөрүлдү |
2013-жылдын 3-октябрында төмөнкү жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өткөрүлдү: 1. Баткен облусундагы Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Рахматбай уулу Каныбек шайланды (рай.мамл.админстр башчысы-акиминен); 2.Баткен облусундагы Лейлек районунун Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Кадыров Таалайбек Абазбекович шайланды (жергиликтүү кеңештин депутаттарынан); 3. Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Абдыкадыров Рахатбек Кыйбатбекович шайланды (жергиликтүү кеңештин депутаттарынан); 4. Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Турдалиев Бакытбек Абдуразакович шайланды (рай.мамл.админстр башчысы-акиминен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан); 5. Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Асанов Нурбек Сартбаевич шайланды (жергиликтүү кеңештин депутаттарынан); 6. Нарын облусундагы Жумгал районунун Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Абылабеков Бердибек шайланды (жергиликтүү кеңештин депутаттарынан); 7. Чүй облусундагы Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Мырзакматов Айбек Сапарбекович шайланды (жергиликтүү кеңештин депутаттарынан); 8. Чүй облусундагы Москва районунун Садовое айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Долеткулов Муратбек Тутанович шайланды (рай.мамл.админстр башчысы-акиминен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан); 9. Чүй облусундагы Москва районунун Целинная айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Мурсалиев Самаган Джекшенович шайланды (рай.мамл.админстр башчысы-акиминен); 10. Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Алиев Тейитбек Жумакадырович шайланды (жергиликтүү кеңештин депутаттарынан). Талас облусундагы Бакайата районунун Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылып, анын башчысы болуп Султаналиев Шамилбек Кушубакович шайланды (жергиликтүү кеңештин депутаттарынан). Чүй облусундагы Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, кворум жок болгондуктан, өткөн жок. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-пунктуна ылайык жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн башчысын белгиленген мөөнөттө шайлабай калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти бир айлык мөөнөттүн ичинде тийиштүү жергиликтүү кеңешти таратат жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын |
Карап чыгуулар: (2018). 4 Октября 2013 г. |