МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Корея эл аралык кызматташуу агенттигинин (KOICA) вице-президенти Чой Сун Го:

24-апрелде БШКнын төрагасынын  Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) вице-президенти  Чой Сун Го  менен жумушчу жолугушуусу болду.

БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова шайлоо тутумун реформалоодо көрсөткөн  жардамы жана техникалык колдоосу үчүн Корея эл аралык кызматташтык агенттигине ыраазычылык билдирди.

Төрага  эркин, демократиялык, таза жана акыйкат шайлоолорду өткөрүүдө автоматтык саноо урнасынын иши калктын ишенимин арттырганын, ошондой эле, эл аралык байкоочулар Кыргызстанда акыйкат жана ачык-айкын шайлоолорду өткөрүү мүмкүнчүлүгү  жогору экенин айтып жатышканын баса белгиледи.

Өз кезегинде вице-президент, өткөн парламенттик шайлоо жана референдум 2017-жылы Кыргыз Республикасында Президенттик  шайлоону ийгиликтүү өткөрүүгө өбөлгө боло тургандыгына жана   жаңы шайлоо модели  ийгиликтүү ишке ашаарына үмүттөнгөндүгүн  билдирди.

Чой Сун Го мырза Кыргызстандгы шайлоо реформасын жүргүзүүнүн алкагында  KOICA БШКнын техникалык адистери үчүн тренинг семинарларды өткөрүүдө тийиштүү колдоосун уланта  тургандыгын кошумчалады.

 БШК басма сөз кызматы



Карап чыгуулар: (923). 27 Апреля 2017 г.