МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Нарын, Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди

2016-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны өтүп, анда Нарын облусунун Нарын шаардык, Нарын, Ош облусунун Алай, Талас облусунун Кара-Буура, Жалал-Абад облусунун Токтогул, Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөркиргизилди. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынан  С. Доткулова, Ч. Казиева, К. Арыкбаев, Ч. Шабданов, Ж. Абыралиева, Г. Икрамова, Э. Джанкорозова, Б. Аргынбаева, С, Батыркожоев, Ж. Бекболиев, К. Айтиева чыгарылды, тиешелүү шайлоо комиссияларынын курамдарына Азамат Орозалы уулу, А. Байгубатов, Ү. Райымбаева, А. Апиева, М. Алымкулов, И. Жанузакова, Медеткан Токтоболот уулу, Тойчубек Эмилбек уулу, Т. Шерматов киргизилди.

Ошондой эле, БШК мүчөлөрү КР БШКнын 2016-жылдын 14-ноябрындагы №210 токтомуна жана тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизишти.

БШК мүчөлөрү №2 “каршы” топтун жана №3 “каршы” топтун Ж. Баласагын атындагы КУУнун кызмат адамдарынын аракетине байланыштуу даттануулары боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүүдө үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча жумушчу топтун чечимин колдоду.

 

КР БШКнын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1190). 26 Ноября 2016 г.