МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Атайын өкүлдөрдүн, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын эсине!

КР БШКнын Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасын түзүү боюнча жумушчу тобу шайлоочулардын тизмелерин чыгаргандан кийин бир жана ошол эле шайлоо участкаларында шайлоочулардын кайталанган паспорттук маалыматтарын аныктады.

КР БШК мурда бардык участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын санынын системасында көрсөтүлгөн эсепте шайлоо бюллетендерин бергендиктен, УЧАСТКАЛЫК ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ кайталанган шайлоочуларды шайлоочулардын тизмесинен алып салуу жана сызылган адамдардын санына бирдей санда шайлоо бюллетендерин жок кылуу жөнүндө коллегиалдуу чечим кабыл алышы керек.

АТАЙЫН ӨКҮЛДӨР бул буйрукту участкалык шайлоо комиссияларына тез арада жеткирип, бирден ашык киргизилген шайлоочулардын тизмесин бериши жана бул буйруктун аткарылышын контролго алышы зарыл.

Жекече жоопкерчилик КР БШКнын атайын өкүлдөрүнө жүктөлөт.

УШКларга карата алганда аныкталган кайталанма маалыматтардын тизмеси шайлоочулардын аты-жөнүн көрсөтүү менен тиешелүү участкалык комиссияларга жиберилди.

 

         Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

Карап чыгуулар: (2212). 28 Октября 2011 г.