МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Өлкөдө бардык шайлоо участоктору техникалык жактан жабдылды

АЭУ (автоматтык эсептөөчү урналар) – бул бардык түрдөгү добуш берүүнү эң жогорку даражада ачык-айкын өткөрүүгө мүмкүндүк берүүчү жогорку технологиялык түзүлүш. Түзүлүшжасалма бюллетендерди тааныган даражада программага салынган. Бул бюллетендерди таштап (салып) жиберүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат жана добуш берүү жыйынтыктарын бардык шайлоо участокторунан бир учурда алууга мүмкүндүк берет.

Учурда өлкөдөгү 2330 шайлоо участогу техникалык жактан толук жабдылды, резервди эске алуу менен референдум үчүн жана жергиликтүү кеңештерге шайлооүчүн 5588 автоматтык эсептөөчү урна берилди.

Келип чыгышы мүмкүн техникалык проблемаларды четтетүү үчүн керектелүүчү алмаштырылчу кошумча тетиктер, запастык бөлүктөр жакын арада жөнөтүлөт, резервдер аймактыкшайлоокомиссияларында сакталып турат.

АЭУ жөнүндө имиштерди жокко чыгаруу иретинде маалымат:

-  АЭУшайлоочунун биометрикалык, паспорттук ж.б. маалыматтарын эсептебейт (окубайт);

-  программабюллетендин жогорку сезгичтеги зоналарын окуганга эсептелген жана туура эмес толтурулган же жасалма бюллетенди кабыл албайт.

Добуш берүүнүн пропорциялык тутумуна ылайык шаардык кеңештерге шайлоо үчүн бюллетенде бир белги (галочка), айылдык кеңештерге шайлоо үчүн бюллетенде ал округда канча мандат болсо, ошончо белги (галочка) коюлат. Референдумдун бюллетенинде 2016-жылдын 11-декабрына референдумга коюлган суроого жооптун бирин белгилөө керек.

АЭУ жөн гана урна эмес, ал – техникалык татаал жабдык жана программалык камсыздоо. Эсептөөчү түзүлүшсүзАЭУ стационардык урнага айланып калат.

 

КР БШК басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1139). 9 Декабря 2016 г.