![]() Каракол шаарынын мэрин шайлоо 25-апрелге дайындалды |
Ысык-Көл облусунун шаарынын мэрин жана төрт айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 2013-жылдын 25-апрелине дайындалды. Ошондой эле шайлоону өткөрүү графиги бекитилди. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону республиканын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу тапшырылган. Алсак, Караколдон тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын – Сокулук районунун Төш-Булак жана Саз айыл өкмөттөрүнүн, Чүй районунун Кегети айыл өкмөтүнүн, Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчылары шайланат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1967). 10 Апреля 2013 г. |