![]() 2011-жылдын 9-октябрындагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР жаңы Мыйзамына ылайык өткөрүлөт |
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депуттаттарын шайлоо жөнүндө” 2011-жылдын 9-октябрындагы Жарлыгына ылайык шайлоо Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештеринде, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Атай айылдык кеңештеринде, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Бает, Терек, Коңорчок, Жерге-Тал айылдык кеңештеринде, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештеринде, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинде, Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинде, Ош шаардык кеңешинде өткөрүлөт. Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президенти 2011-жылдын 14-июлунда кол койгон “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык жогоруда аталган жергиликтүү кеңештердин ыйгарымдарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу өткөрүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамга ылайык Ош шаарынын шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешине, Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешине талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтү 2011-жылдын 9-сентябрынан башталат. Айылдык аймактык жергиликтүү кеңештеринин депутапттыгына талапкерлердин (Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештери, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Атай айылдык кеңештеринин, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Бает, Терек, Коңорчок, Жерге-Тал айылдык кеңештеринин, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештеринин) шайлоо алдындагы үгүтү 2011-жылдын 19-сентябрында башталат. Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып м.а. 10-августан күчүнө кирген. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын ЖМКлары шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен (ушул жылдын 20-августуна чейин) эфирдик убакыттын, басылма аянтынын өлчөмү жана акы төлөөнүн башка шарттары жөнүндө маалыматты жарыялайт жана Борбордук шайлоо комиссиясына берет. Эскертүү: Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууну каалаган Бишкек шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын ЖМКлары жарыяланган маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын пресс-кызматына бере алышат. Аймактарда жайгашкан Кыргыз Республикасынын ЖМКлары жарыяланган маалыматты тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясындагы КР БШКнын атайын өкүлүнө бериши зарыл. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын пресс-кызматы |
Карап чыгуулар: (1568). 15 Августа 2011 г. |