Шаардык кеңешке талапкерлердин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун тизмесин каттоодон өткөрүү иши аяктады |
2017-жылдын 28-майында мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоонун календардык планга ылайык 2017-жылдын 6-майга карата шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин каттоодон өткөрүү иши аяктады Жалал-Абад облусундагы Жалал-Абад шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында Ата-Журт,Өнүгүү-Прогресс, Бүтүн Кыргызстан, КСДП, Мекеним Кыргызстан, Кыргызстан жана Республика саясий партиялары каттоодон өттү. Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында Таш-Комур жаштары, Кыргызстан, Республика, Ата-Журт, Мекеним Кыргызстан, КСДП жана Өнүгүү-Прогресс саясий партиялары каттоодон өттү. Баткен облусундагы Кадамжай шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында КСДП, Кыргызстан, Бутун-Кыргызстан, Республика, Өнүгүү-Прогресс, Мекеним Кыргызстан жана Ата Журт-Мекенчи саясий партиялары каттоодон өттү. Баткен облусундагы Айдаркен шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында Республика, Өнүгүү-Прогресс, Мекеним Кыргызстан, КСДП, Ата Журт-Мекенчил, Бир-Бол, Бүтүн-Кыргызстан жана Жаңы-Доор саясий партиялары каттоодон өттү. Чүй облусундагы Кемин шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында Баба-Дыйкан, Патриот ынтымагы, Өнүгүү-Прогресс, Кыргызстан, КСДП жана Республика саясий партиялары каттоодон өттү. Чүй облусундагы Кара-Балта шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында Мекеним Кыргызстан, Содружество народов Кыргызстана, СДПК, Жакшылык-Добро, Өнугуу-Прогресс, Республика, Акшумкар, ЭлАман, Кыргызстан, Элдик-Народная жана Партия труда саясий партиялары каттоодон өттү. |
Карап чыгуулар: (1550). 8 Мая 2017 г. |