МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - Жаңылыктар
Жаңылыктар

БШККыргыз Республикасынын референдумунда жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн бюллетендин формасын жана корголуучу даражасын бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында төмөнкү документтер бекитилди: 1) Кыргыз Республикасынын референдумунда жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн бюллетендин формасы жана корголуучу даражасы; 2) Кыргыз Республикасынын референдумунда (жалпы элдик добуш берүүдө)добуш берүү үчүн бюллетендин тексти; 3) референдумдун катышуучусунун референдумдун катышуучуларынын тизмесинде бар экени тууралуу кабарлоонун формасы; 4) Кыргыз Республикасынын2016-жылдын 16-декабрына дайындалган референдумун(жалпы элдик добуш берүүнү) өткөрүү үчүн көрнөктүн жана календардын тексттери.

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (403). 9 Ноября 2016 г.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын саясий партияларга, Бишкек шаарынын шайлоочуларына, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарга, Бишкек шаардык кеңешке КАЙРЫЛУУСУ

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы референдум участокторунун комиссияларынын курамдарына жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдорду Бишкек шаардык кеңеште кабыл алуу мөөнөтү 2016-жылдын 9-ноябрына саат 18.00гө чейин узартылганын билдирет.

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (341). 8 Ноября 2016 г.

БШКнын “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумдун (жалпы элдик добуш берүүнүн) бардык уюштуруучуларына жана катышуучуларына КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучулары!

Эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналган Кыргызстандын элинин эркин билүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жана 114-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Мыйзамды кабыл алган. 

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (428). 8 Ноября 2016 г.

БШКа журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктайт

Урматтуу журналисттер жана басма сөз кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук  комиссиясынын жана жеке өзүмдүн атыман сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (271). 7 Ноября 2016 г.

2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүттөөгө катышууну каалаган ЖМК үчүн маалымат

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери!

“Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын бардык аймагында референдум (бүткүл элдик добуш берүү) 2016-жылдын 11-декабрына, жекшембиге дайындалды.

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (365). 7 Ноября 2016 г.

КР БШК: референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүнүн) участокторунун схемалары менен чек аралары бекитилди жана “Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдөгү үгүт жүргүзүүнүн эрежелери жана тартиби жөнүндө” жобо кабыл алынды

БШКнын кезектеги жыйынында референдумду уюштуруунун жана өткөрүүнүн алкагында бир катар чечимдер кабыл алынды: 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилди жана “Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдөгү үгүт жүргүзүүнүн эрежелери жана тартиби жөнүндө” жобо кабыл алынды.

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (394). 7 Ноября 2016 г.

БШК Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу маселелерди карады

4-ноябрда БШК жыйынында 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу маселелерди карап, тийиштүү чечимдерди кабыл алды.

БШК Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планын бекитти.

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (330). 6 Ноября 2016 г.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын саясий партияларга, Бишкек шаарынын шайлоочуларына, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарга, Бишкек шаардык кеңешке КАЙРЫЛУУСУ

Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамын аткаруу алкагында жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 4-ноябрындагы  №АР02/1401 сунушунун негизинде, анык жашаган жери боюнча каттоосу жок жарандарга 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда добуш берүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан референдум участкаларын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (558). 2 Ноября 2016 г.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү!

Урматтуу аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы № 213 Жарлыгы менен 2016-жылдын 11-декабрына жергиликтүү  кеңештердин депутаттарын шайлоо дайындалды.

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (590). 31 Октября 2016 г.

БШК эл аралык өнөктөштөр менен координациялык жолугушуу өткөрдү

20-октябрда КР БШК менен эл аралык өнөктөштөрдүн координациялык жолугушуусу өтүп, анда тараптар алдыда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо кызматташуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө пикир алмашты. КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы бүгүнкү күнгө карата жаңы технологияларды киргизгенин, мисалы, 2015-жылы Жогорку Кеңешке, ошондой эле 2016-жылдын жазында жергиликтүү кеңештерге шайлоодо автоматтык саноочу урналарды (АСУ) колдонуу сынактан ийгиликтүү өткөнүн белгиледи.

Кеңири>>
Карап чыгуулар: (304). 21 Октября 2016 г.
Беттер: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 45 46 47 48 49 50 51 52 53 54 55 56 57 58 59 60 61 62 63 64 65 66 67 68 69 70 71 72 73 74 75 76 77 78 79 80 81 82 83 84 85 86 87 88 89 90 91 92 93 94 95 96 97 98 99 100 101